Жер титирөөдөн 11 киши жаракат алды

Индонезияда жер титирөө болду.

1154113
Жер титирөөдөн 11 киши жаракат алды

Индонезиянын Суматра аралындагы Батыш Суматра облусунда болгон 5,6 баллдык жер титирөөдөн 11 киши жаракат алды.

Индонезиянын метеоролия, климат жана геофизика мекемеси, эпицентри ушул облуска караштуу Пасаман аймагынын 38 километр түндүк-чыгышында болгон жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте катталгандыгын билдирди.

Жер титирөөнүн Түштүк Солок, Паданг, Пейнан жана Мукомуко сыяктуу ар кайсы аймактарда да сезилгени белгиленди.

Өзгөчө кырдаалдар боюнча улуттук агенттиктин катчысы Сутопо Пурво Нугрохо, Түштүк Солокто 11 кишинин жаракат алганын билдирди.

Аймакта 101 имараттын зыянга учурагандыгын айткан Нугрохо, жабыркагандар үчүн жардам иштеринин башталганын маалымдады.

Жер титирөө жана вулкандык аймакта жайгашкан Индонезияда 2004-жылдын 26-декабрындагы 9,1 баллдык жер титирөө жана андан кийин болгон цунаминин себебинен 230 миң киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар