Башар Асад режими менен Иран колдогон террорист топтор Идлибге кол салууда...

Асад режими жана Иран колдогон чет элдик террорист топтордун, Идлибдин Хан Шейхун жана Серакиб районуна, Хама облусунун чыгыш элет жериндеги Латамие жана Кефер Зита районуна замбиректер менен атуулары уланууда.

1153009
Башар Асад режими менен Иран колдогон террорист топтор Идлибге кол салууда...

Сирияда Башар Асад режими жана Иран колдогон террорист топтордун «Идлибдеги чыңалууну азайтуу аймагынын» территориясындагы жарандык отурукташууга кол салууларында 4 жаран каза тапты, көп сандаган жаран жаракат алды.

Асад режими жана Иран колдогон чет элдик террорист топтордун, Идлибдин Хан Шейхун жана Серакиб районуна, Хама облусунун чыгыш элет жериндеги Латамие жана Кефер Зита районуна замбиректер менен атуулары уланууда.

Идлибдин жарандык коргонуу (Ак каскачандар) директору Мустфа Хаж Йусуф, режим күчтөрүнүн эртең менентен баштап Идлиб жана Хама облусундагы жарандык отурукташууга тыгыз кол салуулары болуп жатканын айтты.

Хаж Йусуф: «Режим күчтөрүнүн эртең менен Идлиб чыңалууну азайтуу аймагынын территориясындагы Хан Шейхунга замбирек менен ок атып 2 жаран каза тапты. Көп сандаган жаран жаракат алды»,-деди.

Асад режимине таандык согуштук учактар түшкү сааттардан тарта Хан Шейхун менен катар Серакиб районунда да жарандык отурукташууларга абадан кол салды. Маал маалы менен болуп жаткан абадан кол салууларда дагы 2 жаран каза таап, 6 жаран жаракат алды.

Режим күчтөрүнүн Идлиб чыңалууну азайтуу аймагына быйыл жылдын башынан бери абадан жана кургактыктан кол салууларында эң аз 96 жаран каза таап, 290дон ашуун жаран жаракат алды.

Режим күчтөрү Түркия жана Орусия да арасында орун алган Идлибдеги ок атышпоону бекемдөө үчүн кол коюлган Сочи меморандумуна карабастан кол салууларын маал-маалы менен улантууда.

Аскердик оппозициячылдар болсо 2018-жылдын 17-сентябрында кол коюлган меморандумда көздөлгөн аймактан оор куралдарды 2018-жылы 10-октябрда чыгарып кеткен.



Тектеш кабарлар