Помпео менен Гутерреш сүйлөштү

Сүйлөшүү 35 мүнөткө созулду.

1150352
Помпео менен Гутерреш сүйлөштү

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш Йемен жана Венесуэла темаларын сүйлөштү.

БУУнун имаратында Гутертештин офисинде өткөн сүйлөшүү 35 мүнөткө созулду.

БУУнун баш катчысынын өкүлү Стефан Дюжаррик тарабынан жарыяланган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Гутерреш менен Помпеонун Йемен темасында өзгөчө Стокгольм келишиминин ишке ашырылышын күткөндөрү, тараптардын Ходейдадан артка кайтуусу жана аскерлердин кайрадан жайгаштырылышы процессинин биринчи баскычын баштоонун маанилүү экенин баса белгилегендери маалымдалды.

Билдирүүдө айрыкча Гутерреш менен Помпеонун Венесуэла жана аймактагы абалды да карап чыккандары белгиленди.



Тектеш кабарлар