Афганстанда Талибан кол салуусу

Кол салууда 5 коопсуздук кызматкери каза тапты.

1148347
Афганстанда Талибан кол салуусу

Афганстандын  түндүгүндөгү Фаряб аймагында террордук уюм Талибан мүчөлөрүнүн аскердик пунктуна карата кол салуусунда 5 коопсуздук кызматкер каза тапты.

Фаряб облустук кеңештин өкүлү Сайед Абдул Баки Хашими басма сөзгө берген маалыматында террористтердин Эркелик аймагындагы аскердик пункутка кол салуусу менен 5 коопсуздук кызматкердин каза болгондугун айтты.

Хашими кол салууда 2 коопсуздук кызматкердин да жаралангандыгын белгиледи.

Фаряб коопсуздук директорлугунан берилген маалыматта кол салуунун артынан чыккан кагылышууда Талибан мүчөсү 8 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

 

 



Тектеш кабарлар