Сириядагы химиялык кол салуулар

Германиянын борбор шаары Берлиндеги Глобалдык коомдук саясат институту тарабынан «Жашырына турган эч бир жер жок;Сирияда химиялык курал колдонуунун түшүнүгү» аттуу отчет жарыяланды.

1147096
Сириядагы химиялык кол салуулар

Сирияда 8 жылдан бери уланган жарандык согуш убагында эң аз 336 химиялык кол салуу болгону жана булардын 98 пайызынын Асад режими тарабынан ишке ашканы белгиленди.

Германиянын борбор шаары Берлиндеги Глобалдык коомдук саясат институту тарабынан «Жашырына турган эч бир жер жок;Сирияда химиялык курал колдонуунун түшүнүгү» аттуу отчет жарыяланды.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылоосу менен даярдалган отчетко караганда Асад режими тарабынан жүргүзүлгөн химиялык кол салуулар кеңири түрдө билингенден маанилүү өлчөмдө көп.

Отчетко караганда 2011-жылдан бери Сирияда эң аз 336 химиялык кол салуу болду жана булардын 98 пайызы Асад режими тарабынан жасалды. ДЕАШ тарабынан 6 химиялык кол салуу болду.

Сириядагы химиялык чабуулдардын 90 пайызы режимдин 2013-жылдын август айындагы кол салууларында болгон жана дүйнөлүк коомдук пикирден катуу каршы чыгууну тарткан.

Сирияда 2013-жылдын 21-августунда химиялык кол салуудан кийин дүйнөлүк коомдук пикир Асад режиминин өз калкына каршы химиялык курал колдонуусуна катуу каршы чыккан. Ал убактагы АКШ президенти Барак Обама бул кол салууну «өтүлбөшү керек болгон кызыл чийин» деп мүнөздөгөн.



Тектеш кабарлар