Израиль күчтөрү 16 палестиналыкты камоого алды

Араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардын кээ бирлери көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда.

1147731
Израиль күчтөрү 16 палестиналыкты камоого алды

Израиль аскерлери басып алган Батыш Шериада 16 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарына түнү жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө камоого алынгандардын террордук кыймылдарга аралашкандыгы айтылууда.

Палестиналыктарды тергөө үчүн аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги белгиленди.

Басылып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста бат – бат үйлөрдү тинткен Израиль күчтөрү түрдүү негиздер менен палестиналыктарды камоого алууда. Батыш Шериа менен Чыгыш Кудста кадимки эле абалга айланган камоолордон кийин араларында аялдар менен балдар да болгон палестиналыктардын кээ бирлери көптөгөн күндөр камоо борборлорунда кармалууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар