Парижде 3 миң 600дөн ашуун киши көчөлөрдө жашап жатат

Өткөн жылы көчөлөрдө жашаган 18 үйсүз түрдүү себептер менен каза болгон.

1146290
Парижде  3 миң 600дөн ашуун киши көчөлөрдө жашап жатат

Франциянын борбор шаары Парижде 3 миң 600дөн ашуун киши көчөдө жашап жатат. Париж муниципалитетинен берилген маалыматта 7 -февраль күнү кечинде шаардынкөчөлөрүндө жана метро станцияларында «үйсүздөрдүн аныкталышына» байланыштуу сандар билдирилди.

Парижде экинчи жолу жүргүзүлгөн изилдөөдө 2 миң 232 кишинин көчөлөрдө, 751 кишинин поезд станциялары, метро станциялары жана унаа парктары менен ооруканалардын жабык болгон жерлеринде жана 639 кишинин токой жана короолордо жашагандыгы белгиленди.

Өткөн жылы жүргүзүлгөн иликтөөдө 3 миңге жакын кишинин көчөлөрдө жашаганга мажбур болгондугу такталган болчу.

Өлкөдөгү 800 коомдун негизги курулушу Тилектештик актерлору федерациясынан эки жума мурда берилген маалыматта ашыкча суук таасирдүү болгон акыркы күндөрдө өлкөнүн көп сандаган шаарында миңдеген үйсүздүн өздөрүнө өкмөт тарабынан бир жер бөлүнүп берилбегендиктенкөчөлөрдө жашоого мажбур болгондугу баса белгиленген.

Маалыматта өкмөттүн үйсүздөр үчүн көргөн чаралардын жетерсиз экендиги баса белгиленип, өкмөттөн көчөлөрдө жатууга мажбур болгон, өмүрү коркунучта болгон кишилерге чукул түрдө жашай турган борборлордун бөлүнүшүн суранган.

Өткөн жылы көчөлөрдө жашаган 18 үйсүз түрдүү себептер менен каза болгон.

Франциянын президенти Еммануэль Макрон 2017 -жылы билдирген маалыматында : «2017 -жылдын акырына чейин көчөдө жашаган эч ким калбайт»,- деп убада берген.



Тектеш кабарлар