Польша менен Израилдин ортосундагы чыңалуу
Польшанын президенти Анджей Дуда жана премьер-министри Матеуш Моравецкий, Твиттер барактарынан бөлүшкөн билдирүүлөрүндө Нетаньяхунун билдирүүлөрүнө каршы чыкты.
Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун «Польшалыктар нацисттер менен кызматташтык кылышты» деген билдирүүсү Польшада каршы чыгууларды тартты.
Польшанын президенти Анджей Дуда жана премьер-министри Матеуш Моравецкий, Твиттер барактарынан бөлүшкөн билдирүүлөрүндө Нетаньяхунун билдирүүлөрүнө каршы чыкты.
Президент Дуда, 18-19-февралда Израилге жасала турган жана өлкөсү менен катар Чехия, Словакия жана Венгрия орун алган «Вишеград тобунун» жыйналышына токтолуп, «Эгерде премьер-министр Нетаньяхунун билдирүүсү басма сөзгө чагылышканы сыяктуу болсо Израиль мындан ары Вишеград жыйналышы үчүн ылайыктуу жер эмес»,-деп жазды.
Премьер-министри Матеуш Моравецкий, Польшанын да нацисттик Германиясынын курмандарынын арасында орун алганын кеп кылып, «Экинчи Дүйнөлүк согуш убагында көп сандаган Польша тектүү еврей да арасында орун алган 6 миллион польшалык кыргынга учуратылды»,сүйлөмүн жазды.
Израилдин Гаарец гезитине карагнада Тель-Авив башкаруучулугу Нетаньяхунун ачыктоосунун «жаңылыш түшүнүлгөнү» жөнүндө Польша өкмөтүнө ачыктоо жиберди.
Жергиликтүү басма сөз бул ачыктоосунан кийин Тель-Авив-Варшава арасындагы чыңалуунун аз да болсо жумшарганын жазды. Бирок Израилдин Мамлекеттик берүү мекемесинин кабарына караганда Израилдин Варшавадагы элчиси Польшанын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып нетаньяхунун билдирүүлөрүнө түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.
Премьер-министр Беньямин Нетаньяху, кечээ жана мурдагы күнү болгон «Жакынкы Чыгышта тынчтык жана коопсуздуктун келечегин колдоо» аттуу конференцияга катышуу үчүн барган Польшанын борбор шаары Варшавада «Польшалыктар нацисттер менен кызматташтык кылышты»,деген.