Австралиядагы өрттөр

Тингха жана Табулам аймактарында 3 күндөн бери болуп жаткан өрттөрдө зыян тарткан үй саны 12ге жетти.

1145106
Австралиядагы өрттөр

Австралиянын Жаңы Түштүк Галлер аймагынын түндүгүндөгү Тингха жана Табулам аймактарында 3 күндөн бери болуп жаткан өрттөрдө зыян тарткан үй саны 12ге жетти.

Жаңы Түштүк Галлердин элет өрт кызматынан берилген маалыматта Тингха, Табулам, Олд Милл жана Станборо аймактарында болуп жаткан өрттөрдө 12 миң 400 гектардык аянттын өрттөнгөндүгү билдирилди.

Тингха жана Табуламга жакын жерлерде кечээ өрттөнгөн алты үй менен бирге бүгүн ошол эле аймакта алты үйдүн дагы күлгө айлангандыгы билдирилди.

Шарттардын начарлашы менен кечээ жарыяланган чукул абалдын улантылып жаткандыгы, Тингха, Гилгаи, Бундарра, Кингстаун кыштактарындагы мектептердин бүгүн да жабык болору белгиленди.

Жүздөгөн өрт өчүргүч өрт өчүрүүчү учактардын жардамы менен текшерүү астына алууга аракет кылган өрттөрдө дагы көп үйдүн өрттөнүшүнөн тынчсыздануулар болууда.

 



Тектеш кабарлар