Сегиз өлкө Орусияга чакырык таштады

8 өлкө биргелеше билдирүү жарыялады.

1144123
Сегиз өлкө Орусияга чакырык таштады

Европа Биримдигине мүчө 8 өлкө, Орусияны Украинанын чыгышындагы жикчилдерге каржылык жана аскердик колдоосун токтотууга чакырды.

Англия, Франция, Нидерландия, Польша, Швеция, Италия, Бельгия жана Германия, БУУнун Коопсуздук кеңешинде Украинадагы кырдаал карала турчу жыйындын алдында биргелеше билдирүү жарыялашты.

Украинанын чыгышында беш жылдан бери уланып келе жаткан кагылышуулардын жарандарга карай таасиринин күчөгөндүгүнө көңүл бурулган билдирүүдө, гуманитардык жардам жана коргоого муктаж болгон 3,5 миллион кишинин абалына тынчсыздангандары сөз кылынды.

Европа Биримдигине мүчө 8 өлкө Орусияга Украинанын чыгышындагы жикчилдерге каржылык жана аскердик колдоосун дароо токтотуу чакырыгын салышты.

Билдирүүдө тынчтыкчыл чечүүчү жол табуу үчүн тараптардын Минск келишимин ишке ашыруусу керектиги да баса белгиленди.

Орусиянын 2014-жылы Крымды кошуп алуусун жана өлкөнүн чыгышындагы Донбас аймагында жикчилдер жарыялаган жалган бийликти тааныбаган Түркия, Украинанын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендигин колдойт.



Тектеш кабарлар