Орусия дүйнө жүзү менен интернетти үзүүгө камданууда

Сыноонун алкагында Орусиянын жарандары жана мекемелеринин ортосунда бөлүшүлгөн даталардын эл аралык интернетке чыкпастан өлкө ичинде кармалышы максатталууда.

1144547
Орусия дүйнө жүзү менен интернетти үзүүгө камданууда

Орусия, кибердик коркунучтардын себебинен пайда боло турган рисктердин белгилениши үчүн глобалдык интернет байланышын кыска мөөнөткө токтотууну пландап жатат.

Орусиянын РБК агенттигинин расмий органдарга таяндарып берген маалыматына караганда, Орусияга карай интернет аркылуу ыктымалдуу глобалдык коркунучтарга каршы бир катар алдын алуулар болмокчу.

Аты аталган алдын алуулардын белгилениши үчүн айрым сыноолор жасала турганына шилтеме кылган маалыматта, булардан биринин да Орусиянын глобалдык интернет менен байланышынын үзүлүшү боло турганына басым жасаган.

Сыноонун алкагында Орусиянын жарандары жана мекемелеринин ортосунда бөлүшүлгөн даталардын эл аралык интернетке чыкпастан өлкө ичинде кармалышы максатталууда.

Ушундайча өлкөдө интернетти глобалдык интернет камсыздоочулардан көз караныдсыз түрдө иштей турган ыктымалдуу кибер чабуулдардан коргоо пландалууда.

Ал эми айрым адистер, бул иш-аракет ишке ашкан учурунда өлкөдөгү интернет цензурасынын Кытайда болгону сыяктуу «катуу» абалга келе турганы боюнча эскертишүүдө.

Орусия, интернеттин «жергиликтүүлүккө айландырылышы» үчүн орто эсеп менен 20 миллиард рублдык бюджет бөлүп, интернет үзүлүп жасала турган сыноолордун 1-апрелден мурда ишке ашырлышы пландалган.



Тектеш кабарлар