Эл аралык уюмдар Кытайды адам укуктары боюнча эскертүүдө

Эл аралык Мунапыс Уюму, Адам Укуктарын Байкоо Уюму (HRW), Дүйнөлүк уйгур конгресси менен көп сандаган аймактык жана эл аралык жарандык уюмдар биргелешкен билдирүү жарыялап, БУУнун Адам укуктары кеңешин Кытайга байкоочу жиберүүгө үндөдөдү.

1143281
Эл аралык уюмдар Кытайды адам укуктары боюнча эскертүүдө

Эл аралык Мунапыс Уюму (Amnesty International) жана айрым жарандык коомдук уюмдар, 1 миллиондон ашуун мусулман уйгур түркү концлагерлерде кармалган Кытайдын Шиңжаң Уйгур автономиялуу аймагына байкоочу делегация жөнөтүшү үчүн БУУнун Адам укуктары кеңешин милдетин аткарууга чакырды.

Эл аралык Мунапыс Уюму, Адам Укуктарын Байкоо Уюму (HRW), Дүйнөлүк уйгур конгресси менен көп сандаган аймактык жана эл аралык жарандык уюмдар кол койгон биргелешкен билдирүүдө, Мусулман уйгур түрктөрү дуушар болгон адам укутарын бузуулар темасында БУУнун Адам укуктары уюмуна чакырык салынды.

Билдирүүдө, адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын абалды байкоо жана андан кийинки тийиштүү жыйналышта концлагерлерде кармалган уйгур жана башка мусулмандардын абалы тууралуу чындыктарды ортого салыш үчүн аймакка байкоочу делегация жөнөтүлүшү боюнча чакырык салынып, Кытайдын бул делегацияга аймакта «көз карандысыз, чектөөсүз жана текшерүүсүз» байкоо уруксатын бериши керектигине шилтеме кылды.

Кытайда «адам укуктарынын эң жогорку стандарттарга шайкеш келиши керектиги» боюнча чакырык ташталган билдирүүдө, Пекин башкаруучулугунун өзү мүчөсү болгон Кеңештеги милдеттерин орундатуусу керектигине басым жасалды.

Тышкы иштер министрилигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, мурдагы күнкү жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Кытай органдарынын уйгур түрктөрүнө карай систематикалык ассимиляция саясатынын адамзаттын атынан уят булагы болгонун белгилеген.

Кытай органдарын, уйгур түрктөрүнүн негизги адам укуктарын урматтоого жана концлагерлерин жабууга чакырган Аксой: «Түрк коомдук пикиринин адам укуктарын оор түрдө бузуулары темасындагы каршы чыгуусунун Кытай органдары тарабынан эске алынышын күтүүдөбүз»,-деп билдирген.

АКШ Конгрессинде сүйлөшүлүүсү уланып жаткан мыйзам долбоорунун да уйгур түрктөрүнө карай адам укуктарын оор түрдө бузуусунун себебинен Кытайга санкция киргизилишин талап кылат.



Тектеш кабарлар