Cуданда БУУнун тик учагы кулап түштү

Судан-Түштүк Судандын чек арасындагы талаштуу Абьей аймагындагы БУУнун тынчтык күчүнүн (UNISFA) жарыясында Эфиопияга таандык 23 кишилик экипаж орун алган «Mi-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учактын UNISFAнын гарнизонуна кулап түшкөнү маалымдалды.

1142106
Cуданда БУУнун тик учагы кулап түштү

Судандын Абьей шаарында БУУнун тынчтык күчүнүн курамында кызмат кылган Эфиопияга таандык аскердик тик учактын кулап кетишинин себебинен 3 киши набыт болду, 3ү оор 10 киши жаракат алды.

Судан-Түштүк Судандын чек арасындагы талаштуу Абьей аймагындагы БУУнун тынчтык күчүнүн (UNISFA) жарыясында Эфиопияга таандык 23 кишилик экипаж орун алган «Mi-8» үлгүсүндөгү аскердик тик учактын UNISFAнын гарнизонуна кулап түшкөнү маалымдалды.

Окуяда 3 киши каза таап, 3ү оор 10 киши жаракат алганы билдирилди.

Жарыяда тик учактын Судандын Курдуфан штатынын түштүгүндөгү Кадукли шаарынан Түштүк Судандын чек арасындагы талаштуу Абьей аймагына адаттагыдай күзөтчүлөрдү алмаштыруу үчүн Эфиопиянын аскерлерин ташып баратканы катталды.

UNISFA, тик учактын эмне болуп кулаганы азырынча белгисиз экенин жарыялады.

Эфиопиянын UNISFAнын Абьейде тынчтыкты жана коопсуздукту камсыздоо аракеттерин колдоого алыш үчүн аянтта орто эсеп менен 4500 кызматкер бар.

Судан жана Түштүк Судан, мунай затка бай Абьей аймагынын өздөрүнө таандык экени боюнча доомат кылып келишет.



Тектеш кабарлар