Тайландда принцесса премьер - министрликке талапкер

Тайланд королу Маха Важиралонгкорндун эжеси принцесса Убол Патана премьер  - министрликке талапкер көрсөтүлдү.

1141604
Тайландда принцесса премьер  - министрликке талапкер

 Тайландда 2014 -  жылдагы аскердик козголоң менен кулатылган мурунку премьер  - министр Йинглук Шинаватранын жабылган партиясынын уландысы мүнөзүндөгү Таи Ракса Чарт партиясы козголоңдон кийинки биринчи жалпы шайлоо үчүн Тайланд королу Маха Важиралонгкорндун эжеси принцесса Убол Патананы премьер  - министрликке талапкер көрсөттү.

«Бангкок Пост» гезитинде жарыяланган кабарга караганда Таи Ракса Чарт партиясынын жетекчилери 24 -  мартта өткөрүлүшүнө чечим чыгарылган козголоңдон кийинки биринчи жалпы шайлоо үчүн талапкер каттоолору алынган Шайлоо Комиссиясы офисине принцесса Ратананын премьер  - министрликке талапкерлиги үчүн кайрылды.

Кулатылган премьер  - министр Йинглук Шинаватра жана атасы премьер  - министр Тахсин Шинаватрага жакын саясий партиянын бир королдук мүчөсүн тыштан премьер  - министрликке талапкер көрсөтүүсү хунта башкаруусунун жарандык башкарууга өтүүдө өкмөттө калуу пландарына сокку урушу мүмкүн.

Хунта башкаруусу Паланга Прасарат (Элдин мамлекеттик бийлиги) деген ат менен бир партия курган жана азыр да хунта өкмөтүнүн башында турган генерал Прают Чан  - о  - чаны жетекчилигине талапкерликке көрсөткөн.

Монархия менен башкарылган өлкөдө королдук үй – бүлөсү, армия бийлигиндеги бир гана күч катары көрүлүүдө. Өлкө тарыхында биринчи жолу бир королдук үй  - бүлөсүнүн мүчөсү премьер  - министрликке талапкер көрсөтүлүүдө.



Тектеш кабарлар