Индияда жумушсуздукка каршы митинг өткөрүлдү
Митингге катышкандардан Амлокант Мако Модинин жылд 20 миллион жаңы иш убадасын бергендигин бирок орундатпагандыгын айтты.
Индияда жүздөгөн жаштар барган сайын көбөйүп бара жаткан жумушсуздукка каршы чыгуу үчүн митингге чыгышты. Премьер - министр Нарендра Моди өкмөтүнүн көбөйгөн жумушсуздукка карата чара көрүшүн талап кылган жүздөгөн жаш борбор шаар Делиде митингге чыкты.
Митингге чыккандар Кызыл Чептен парламент имаратынын жакындарына чейин барышты.
Митингге катышкандардан Амлокант Мако Модинин жылда 20 миллион жаңы иш убадасын бергендигин бирок орундатпагандыгын айтты.
Митингчилер жетекчилердин жумушсуздукту азайтуу үчүн дароо 2, 4 миллион бош позицияны толтуруулары керектигин белгилешти.
Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда өлкөнүн жумушсуздук катнашын 6, 1 пайыз менен 45 жылдын эң жогорку деңгээлге жетти бирок митингчилер бул сандардын да чындыкты чагылдырбагандыгын айтышууда.
Өкмөт болсо жаңы расмий сандардын март айында жарыяланарын билдирди.