Бельгияда иш таштоодон улам учак каттамдарын токтотуу чечими чыгарылды

Бельгияда Брюссель аба жолдору жумушчу профсоюздарынын 13 -  февралда өткөрө турган иш таштоодон улам 122 каттамын токтотуу чечимин чыгарды.

1141486

Брюссель аба жолдорунан берилген маалыматта жумушчу профсоюздарынын 13 -  февралда жалпы өлкөдө өткөрө турган иш таштоодон улам учуу программасында маанилүү өлчөмдө кемчиликтердин болору белгиленди.

Брюссель аба жолдорундагы жумушчулардын да иш таштоого катышуусун күтүшкөндөрү белгиленген маалыматта Брюссель аба жолдорунун бул күнү 122 каттамын токтотуу чечимин чыгаргандыгы билдирилди.

Белгияда бир канча убакыттан бери болуп келе жаткан жумушчу жана жумуш берген өкүлдөрдүн арасында кызматкерлердин айлык акыларын көтөрүүгө байланыштуу сүйлөшүүлөрдө натыйжа чыккан эмес. Ушул боюнча жумушчу профсоюздары 13 -  февралда 1 күндүк иш таштоо чечимин чыгарган.

Иш таштоодон улам жалпы өлкөдө поезд каттамдары, борбор шаар Брюсселде болсо метро, трамвай жана автобус каттамдары да токтотулат.

Тектеш кабарлар