Израилдин чалгындоо кызматтарынын операцияларынын жашыруундугу талаш жаратты

Израилдин гезити Гаарецке караганда, Нетаньяху коопсуздук тууралуу себептерден улам 1949-жылдан бери жашыруун кармалган аты аталган документтердин дагы 20 жыл ошондой калышына токтом чыгарды.

1140736
Израилдин чалгындоо кызматтарынын операцияларынын жашыруундугу талаш жаратты

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху, ички чалгындоо кызматы Шин-Бет (Şabak) жана тышкы чалгындоо кызматы Моссаддын ишке ашырган операцияларына таандык документтердин жашыруундук мөөнөтүнүн дагы 20 жылга узартылышна чейим чыгарды.

Израилдин гезити Гаарецке караганда, Нетаньяху январь айында дагы көп кылдат болууну талап кылган коопсуздук тууралуу себептерден улам 1949-жылдан бери жашыруун кармалган аты аталган документтердин дагы 20 жыл ошондой калышына токтом чыгарды.

Жаңылыкта, документтерден бирөөнүн Хамас лидерлеринен Махмуд аль-Мебхухтун Моссад тарабынан 2010-жылы Дубайда өлтүрүлүшү тууралуу болгону белгиленди.

Бир тараптан адам укуктары уюмдары, өзүм билемдик деп мүнөздөгөн бул чечимдин, архив документтеринин жарыяланышындагы коомдук кызыкчылыкты көрмөксөнгө салганын билдирди.

Израиль парламенти 2018-жылы аты аталган документтер тууралуу жашыруундук процессинин бир гана 5 жыл узартылышы багытында сунуш токтомун чыгарган.

Бул токтомдун Израилдин 1948-жылдан бери палестиналыктарга каршы ишке ашырган операциялар жана кылмыштар тууралуу маалыматтардын ачыкка чыгышына бөгөт боло турганы маалымдалган.



Тектеш кабарлар