Трамп маалымат берди

Дональд Трамп күн тартиптеги суроолорго жооп берди.

1138001
Трамп маалымат берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэлага аскердик кийлигишүүнүн альтернативалардын арасында экенин айтты.

Дональд Трамп Американын CBS телеканалында күн тартипке байланыштуу суроолорго жооп берди.

Венесуэладагы кырдаалга байланыштуу маалымат берген Трамп, АКШнын Венесуэлага аскер жөнөтүп же жөнөтпөй тургандыгы жөнүндөгү суроого: «Албетте ал да кандайдыр бир альтернатива»,- деп жооп берди.

Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадуронун бир канча ай мурда өзү менен жолугушкусу келгенин бирок бул талапты кабыл албагандыгын айтты.

Дональд Трамп Түндүк Корея менен жүргүзүлгөн ядролук сүйлөшүүлөрдө болсо чоң жылыш болгонун белгилеп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен экинчи жолугушуунун күнүн эң кыска мөөнөттүн ичинде билдире турганын маалымдады.

АКШнын Түштүк Кореядагы аскерлеринин өлкөдөн чыгып же чыкпай тургандыгы темасын эч сүйлөшпөгөндөрүн баса белгилеген Трамп, ал жерде 40 миң аскерди жайгаштыруунун өтө кымбатка түшөөрү бирок азырынча кандайдыр бир чечим чыгара электигин белгиледи.



Тектеш кабарлар