Дональд Трмаптын Сириядан чыгуу чечими Сенатта каралды

Коргоо министрлиги (Пентагон) милдетин аткаруучу Патрик Шанахан борбордук чалгындоо уюму CIA жана Федералдык териштирүү бюросу FBIдын директорлору менен бирге сенаторлордун суроолоруна жооп берди.

1135734
Дональд Трмаптын Сириядан чыгуу чечими Сенатта каралды

АКШнын президенти Дональд Трмаптын Сириядан чыгуу чечими Сенатта каралды.

Коргоо министрлиги (Пентагон) милдетин аткаруучу Патрик Шанахан борбордук чалгындоо уюму CIA жана Федералдык териштирүү бюросу FBIдын директорлору менен бирге сенаторлордун суроолоруна жооп берди.  Шанахан, террордук уюм ДЕАШтын жакында толугу менен жок кылына турганын айтты.

Улуттук чалгындоо директору Дэн Коутс болсо, Ирак жана Сирияда миңдеген ДЕАШ террористи болгонун жактап, бул  абал террор коркунучунун көз жаздымда калтырылбашы керектигин талап кылганын кеп салды.

CIA директору Жина Хаспель да ДЕАШка каршы согушууну шилтеме кылып, «Бул милдетти орундатыш үчүн дагы көп иштейбиз»,-деди.

Бул учурда Республикачыл партиянын Сенаттагы лидери Митч Макконнелл, Сирия тууралуу даярдалган жана Башар Асад режимине санкцияны камтыган долбоорго берене кошумчалоого даярданууда.

Кошумчалангысы келген берененин, ДЕАШка каршы согуштун уланышы тууралуу экени белгиленди. Долбоордун сүйлөшүлө турган күнү болсо азырынча белгисиз.



Тектеш кабарлар