Венесуэла АКШдан эмнени күтөт?

Венесуэланын тышкы иштер министри маалымат берди.

1135000
Венесуэла АКШдан эмнени күтөт?

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаза, БУУнун келишиминин бир дагы беренеси өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүнү бекитпегендигин белгиледи.

Министр Арреаза Венесуэланын Тышкы иштер министрлигинде өткөргөн маалымат жыйынындагы билдирүүсүндө: «БУУнун келишими өлкөлөрдүн бирдей жана эгемендүүлүгү принцибине негизделген. Бул принциптерге дүйнөнүн бардык өкмөттөрү тарабынан урмат-сый көрсөтүлүшү керек»,-деп айтты.

Венесуэлада чечүүчү жолдун төңкөрүш жана кийлигишүү эмес экенин баса белгилеген Арреаза, Мексика да арасында болгон Латын Америка өлкөлөрүнүн БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш жана Башкы Ассамблеянын төрайымы Мария Фернанда Эспиносага, Венесуэла өкмөтү менен оппозициянын ортосунда эл аралык ишеним астында диалог үстөлүн түзүү сунушун айта тургандарын белгиледи.

Америкалык жогорку деңгээлдеги жооптуу кызматтагыларды «кордоочу» деп сыпаттаган Арреаза: «Венесуэла катары АКШга каршы баш мыйзам жана эл аралык келишимдерге ылайык жакшы ниет менен мамиле кылып жатабыз. Ушундай эле нерсени АКШдан да күтөбүз. Президент Мадуро эгерде президент Трамп менен жолугушуусу керек болсо муну аткарат»,-деп айтты.

Министр Арреаза Испания, Германия жана Франция сыяктуу айрым Европа өлкөлөрүнүн Венесуэлада кайрадан шайлоо талап кылууларына «зор карама-каршылык» деп сереп салды.

Венесуэлада эмне болду?

Венесуэлада оппозиция менен бийликти жактагандар 23-январь шаршемби күнү өткөргөн митингдер өлкө менен аймак үчүн өтө орчундуу жагдайга себепчи болгон эле.

Көпчүлүгү оппозициянын колундагы улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо, оппозициянын митингинде өзүн «убактылуу президент» деп жарыялаган жана АКШ менен катар Австралия, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста-Рика жана Гватемала сыяктуу өлкөлөр тарабынан таанылган болчу.

Мексика, Түркия, Орусия, Куба, Кытай жана Боливия болсо Венесуэланын президенти Николас Мадуро өкмөтүнө колдоосун кайталап, Мадуро да окуялар боюнча АКШ менен дипломатиялык жана саясий карым-катнаштарын токтотконун билдирген эле. Мадуро андан кийинки башка билдирүүсүндө, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын токтогонун бирок соода байланыштарынын улана турганын айткан болчу.



Тектеш кабарлар