АКШ эл аралык бардык укуктук нормаларды бузуп Венесуэлага кийлигишүүдө

Лавров, Сьерра-Леоненин тышкы иштер министри Алие Кабба менен борбор калаа Москвада жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрдү.

1135328
АКШ эл аралык бардык укуктук нормаларды бузуп Венесуэлага кийлигишүүдө

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров,АКШ жана шериктештеринин Венесуэла темасында эске келе турган бардык эл аралык укуктук нормаларды бузуп, кылып жаткандарына тынчсыздангандарын айтты.

Лавров, Сьерра-Леоненин тышкы иштер министри Алие Кабба менен борбор калаа Москвада жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин күн тартип тууралуу суроолоруна жооп берди.

Венесуэлада өзүн убактылуу президент катары жарыялаган Улуттук парламенттин башчысы Хуан Гуайдону колдоого алган Вешингтондун бардык эл аралык укуктук нормаларды бузганын белгилеген Лавров: «Албетте ,АКШ жана жакын шериктештеринин Венесуэла тууралуу эске келе турган бардык эл аралык укуктук нормаларды бузуп, кылып жаткандарынан тынчсыздануудабыз»,-деп айтты.

Лавров, мунун чындыгында ачык эле түрдө Венесуэлада мыйзамдуу бийликти кулатуу саясаты болгонуна басым жасады.

АКШнын Венесуэлада мыйзамсыз түрдө режимди өзгөртүү жолуна түшкөнүн айткан Лавров, Орусиянын дүйнөлүк коомчулуктун калган жооптуу мүчөлөрү менен бирге, конституциялык платформада Венесуэланын президенти Николас Мадуронун мыйзамдуу башкаруусун колдо үчүн бардык нерсени кыла турганын айтты.



Тектеш кабарлар