Орусиянын Венесуэлада оппозиция менен байланыш куруу планы жок

Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Венесуэлада Хуан Гуайдо менен байланышпагандарын билдирди.

1134638
Орусиянын Венесуэлада оппозиция менен байланыш куруу планы жок

 Кремлдин катчысы Дмитрий Песков Венесуэлада өзүн убактылуу мамлекет башчы деп жарыялаган Улуттук парламенттин спикери Хуан Гуайдо менен байланышпагандарын ортого салып : «Андай планыбыз да жок. Башка өлкөлөрдүн кылганындай Венесуэланын ички иштерине аралашуу абалды дагы да начарлатат»,- деди. Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маегинде Венесуэладагы акыркы абалдарга байланыштуу  маалымат берди.

Венесуэлада чыккан маселелердин Венесуэла эли тарабынан чечилиши керектигин белгилеген Песков : «Бул тууралуу башка бардык өлкөлөр бир гана колдоо бере алат. Кээ бир өлкөлөрдүн терсине Венесуэланын ички иштерине аралашуу болот»,- деди.

Орусиянын Гуайдо менен байланышта болуп же болбогондугуна байланыштуу берилген суроого жооп берген Песков : «Гуайдо менен байланышыбыз болгон жок. Мындай планыбыз да жок. Башка өлкөлөрдүн кылганындай Венесуэланын ички иштерине аралашуу абалды гана начарлатат»,- деди.

Орусиянын Венесуэланын мамлекет башчысы Николас Мадурону коргоо үчүн өлкөгө атайын бөлүк жибергендигине байланыштуу айтылгандарды да карап чыккан Песков : «Мындай маалымат алган жокпуз. Аба жолун текшерип жаткан жокпуз. Мындай айтылган сөздөр күтүм теориясы тармагына кирет. Өлкөдө көп сандаган расмий кызматкердин Мадурону коргогондугун ансыз да билебиз, мындай жалган кабарларга ишенбегиле»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар