Индонезияда денге безгеги

Индонезияда жылдын башынан бери денге безгегинен улам 100дөн ашуун киши каза тапты.

1134311
Индонезияда денге безгеги

Индонезия саламаттык сактоо министрлигинин  вектордук жана зооноздук оорулар мекемесинин директору Сити Надиа Тармизи жалпы өлкөдө январь айында 100дөн ашуун кишинин денге безгеги менен ооруп каза болгондугун билдирди.

Денге безгегинен улам эң көп жан жоготуунун 41 киши менен Чыгыш Жава аймагында болгондугун белгилеген Тармизи Түндүк Сулавесиде 13 киши жана Чыгыш Нуса Тенггара аймагында да 12 кишинин каза болгондугун айтты.

Башка 16 аймакта да жан жоготуунун болгондугун бөлүшкөн Тармизи денге безгеги вирусун ташыган чиркейлер эң көп активдүү болгон жамгырлуу мезгилде жылдын башынан бери да 372 аймакта жалпы 9 миң 634 денге безгек оорулуусунун бар экендиги билдирилди.

Тармизи Ортоңку Калимантан, Түндүк Сулавеси жана Чыгыш Нуса Тенггара аймактарын камтыган 4 аймакта да денге безгегине каршы чукул абал жарыялангандыгын жана кээ бир аймактарда өткөн жылга салыштырмалуу оорулууларда өсүү болгондугун белгиледи.

Жамгырлуу мезгилде денге безгеги жана ысытмадан коргонууга каршы эл эскертилип, чиркейлердин арачылыгы менен жуккан бул ооруларды алдына алуу максатында маала жана көчө аралын дарылоо иштери аткарылууда.

Өлкөдө өзгөчө чиркейлер дагы көп чыккан октябрь  -  апрель айларынын ортосунда жамгырлуу мезгилде бат – бат денге безгеги менен ысытма оорулары чыгат.

Индонезияда денге безгегинен 2016 -  жылы 1598, 2017 -  жылы 493 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар