БУУда Венесуэла боюнча АКШ эскертилди...

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын талабы боюнча Венесуэладагы кризисти сүйлөшүү үчүн чогулду.

1133993
БУУда Венесуэла боюнча АКШ эскертилди...

Орусиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензия, АКШ жана шериктештерин Венесуэланын президенти Николас Мадурону кулатууга аракет кылганы менен айыптады.

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын талабы боюнча Венесуэладагы кризисти сүйлөшүү үчүн чогулду.

Небензия, жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө АКШнын Венесуэлага карай кадамдарын сынга алып Вашингтондун өзүн «убактылуу президент» деп жарыялаган улуттук парламенттин башчысы Хуан Гуайдону  колдоого алуусунун «төңкөрүш» аракети болгонун айтты.

Василий Небензия: «Эгерде эл аралык тынчтык жана коопсуздукка карай коркунуч бар болсо, ал да Венесуэланын шайланган мыйзамдуу президенти Мадурону кулатууну максаттаган АКШ жана шериктештеринин уялбас жана агрессивдүү кыймылы болуп эсептелет»,-деди.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү Кытай жана убактылуу мүчөсү Түштүк Африканын өкүлдөрү да АКШны сынга алып, БУУнун Коопсуздук кеңешинин бир өлкөдө режимди өзгөртүүгө колдоо көрсөткөн жер болбой турганын айтышты.

Англия, Франция жана БУУнун коопсуздук кеңешинин убактылуу мүчөлөрүнөн Германия жана Бельгиянын өкүлдөрү болсо Мадурого 8 күндүн ичинде шайлоо өткөрүү боюнча чакырык салуусун, андай болбосо Хуан Гуайдону тааный тургандарын билдирген.


Этикеткалар: #БУУ , #АКШ , #Венесуэла , #Орусия

Тектеш кабарлар