Индонезияда сел жана жер көчкүдө 26 киши каза болду

Тропикалык климаттуу Индонезияда ашыкча жамгыр жаашынан улам бат  - бат сел жана жер көчкүлөр болуп турат.

1132086
Индонезияда сел жана жер көчкүдө 26 киши каза болду

 Индонезиянын Түштүк Сулавеси аймагында болгон сел жана жер көчкүдө 26 киши каза болду.

Индонезия кабар агенттиги Антаранын кабарына караганда Түштүк Сулавеси апаат башкаруу агенттиги аймактын Гова Женепонто жана Марос аймактарында катуу жамгыр жаашы себеп болгон сел жана жер күчкүдө каза болгондордун саны 26га жеткендигин билдирди.

Аймакта 24 кишинин да жоголгондугун белгилеген Түштүк Сулавеси апаат башкаруу  агенттигинин жетекчилери сел жана жер көчкүдөн тескери таасирленген 3 миң 312 кишинин коопсуз аймактарга эвакуациялангандыгын жарыялады.

Сел жана жер көчкүрлөр көп болгон аймактарда жоголгон кишилерди издөө жана жабыркагандарга жардам берүү иши улантылууда.

Тропикалык климаттуу Индонезияда ашыкча жамгыр жаашынан улам бат  - бат сел жана жер көчкүлөр болуп турат.



Тектеш кабарлар