Түндүк Агым 2 долбоорунун курулушунун 20 пайызы бүткөрүлдү

Газпромдун төрагасы Алексей Миллер : «Түндүк Агым 2нин деңиз бөлүгүндөгү курулуштун 20 пайызы бүткөрүлдү»,- деди.

1130730
Түндүк Агым 2 долбоорунун курулушунун 20 пайызы бүткөрүлдү

Газпромдун төрагасы Алексей Миллер Орусия газынын Германияга өткөрүлүшүн пландаган Түндүк Агым 2 долбоорунун деңиз бөлүгүндөгү курулушунун 20 пайызынын бүткөрүлгөндүгүн билдирди. Миллер журналисттерге берген маалыматында долбоордо курулуштун белгиленген план боюнча бара жаткандыгын айтып : «Түндүк Агым 2нин деңиз бөлүгүндөгү курулуштун 20 пайызы бүткөрүлдү»,- деди.

Чыгымы 10 миллиард еврого жакын болушу күтүлгөн Түндүк Агым 2 долбоору менен жылда 55 миллиард метр кубдук Орусия газынын Балтика деңизи аркылуу Германияга өткөрүлүшү пландалууда.

Башта АКШ жана Украина, Польша менен Балтика өлкөлөрү курулушуна каршы чыккан долбоордун өнөктөштөрүнүн арасында Газпром менен бирге Shell, OMV, Engie, Uniper ve Wintershall сыяктуу батыштык фималар да орун алды.

Газпром өткөн жылы Европага 194, 4 миллиард метр кубдук жаратылыш газ экспорттоп, бул газдын 30 пайызга жакыны Украина аркылуу өткөрүлгөн.



Тектеш кабарлар