Эбола эпидемиясы коркунуч жаратууда

Эболанын айынан каза тапкандардын саны 370ке жетти.

1129658
Эбола эпидемиясы коркунуч жаратууда

Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында, өткөн жылдын июль айынын аягында башталган жана көзөмөлгө алына албаган эбола эпидемиясынын себебинен каза тапкандардын саны 370 кишиге жетти.

Конго Демократиялык Республикасы тарабынан бөлүшүлгөн көрсөткүчтөргө караганда, Түндүк Киву аймагында башталган жана андан соң Итури аймагына жайылган эпидемияда, ооруга байланыштуу катталгандардын саны 685ке жетти. Бул адамдардын 636сынын эбола вирусун жугузуп алгандыгы аныкталды.

Эпидемиянын айынан 370 киши каза болуп, 191 киши ооруну жугузуп алышы ыктымал деген шек менен дарыланып жатат.

Вирусту жугузган 245 киши болсо толугу менен айыкты.

Эбола вирусу 2013-жылдын декабрында Батыш Африкада жайылды жана Гвинея, Либерия, Сьерра-Леонеде 2014-2017-жылдардын аралыгында күч алган эпидемиянын себебинен 30 миң кишиге вирус жугуп, 11 миңден ашуун киши каза тапты.



Тектеш кабарлар