ЙПГ/ПКК Америкада жасалган ракета менен кол салды
Кол салууда Эркин Сирия Армиясынан эки киши каза тапты.
1123198
ЙРГ/ПКК жикчил террордук уюм Сирияда басып алган Тел Рыфат аймагынан Эркин Сирия Армиясынын текшерүүсү астындагы аймакка Америкада жасалган анти - ракеталык танк TOW ракетасы менен кол салды. Кол салууда Эркин Сирия Армиясынан эки киши каза тапты.
Халеп облусунун түндүгүндөгү Тел Рыфат аймагын басып алган ЙПГ/ПКК террористтери эрте менен эрте сааттарда Азез районуна караштуу Келжибрин айылындагы фронт жолунда күзөттөгү Эркин Сирия Амриясынын унаасын Америкада жасалган анти - ракеталык танк TOW ракетасы менен бутага алды.
Кол салууда аскердик унаа жараксыз болуп Эркин Сирия Армиясынан эки киши каза болду. ЙПГ/ПКК кечээ да ошол эле аймакта оппозициячылдардын унаасын бутага алган. Кол салууда каза болгон же жараланган болгон эмес.