Биз террористтердин Түркияга карай коркунуч болгонун билебиз

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, АКШнын Эрбилдеги Башкы консулдугунда медиа мүчөлөрүнө маалымат берди.

1122703
Биз террористтердин Түркияга карай коркунуч болгонун билебиз

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, президент Дональд Трамптын Сириядан чыгуу чечиминин анык экенин белгилеп, террористтердин Түркияга карай коркунучун билгендерин жана бул темада Түркияны колдой тургандарын айтты.

АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Жакынкы Чыгыш турунун алкагында күтүлбөгөн жерден Иракка барган Помпео, АКШнын Эрбилдеги Башкы консулдугунда медиа мүчөлөрүнө маалымат берип, «АКШ Президентинин Сириядан чыгуу чечими абдан ачык»,-деди.

Бир журналисттин Түркия жана «жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга шилтеме кылып) «күрттөр» менен карым-катнаштар кандай жүргүзүлүлө турганы жөнүндөгү суроосуна жооп берген Помпео, ар эки тарап менен тең сүйлөшкөндөрүн билдирип: «Аскерлерибиз чегинип жатканда бөлүктөрүбүздүн кантип коопсуз түрдө чыга турганын камсыздоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. (Сириядан) Чыгуудан мурда эң оболу ДЕАШтын бардык элементтери тазаланганына ишенгибиз келет»,-деп айтты.

Помпео, президент Режеп Таййип Эрдогандын ЙПГ/ПККны Түркия үчүн коркунуч катары белгилегенине токтолгон журналисттин суроосуна, «Эрдоган террористтердин өздөрү үчүн чоң коркунуч болгонун айтты. Биз да террористтердин Түркияга карай коркунуч болгонун билебиз жана бул темада Түркияны колдойбуз. Радикалдар жана террористтер кайда болсо болсун, булар менен күрөшө турган өлкөлөрдү колдогонго даярбыз. Буга Түркия сыяктуу берки өлкөлөр да кирет»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар