Англиянын эң чоң аэропортунда каттамдар эмнеге токтотулду?

Жылда орто эсеп менен 70 миллион жүргүнчүнү тейлеген Хитроу аэропортунун башкаруучулугу маалымдайт.

1122164
Англиянын эң чоң аэропортунда каттамдар эмнеге токтотулду?

Англиянын эң чоң аэропорту Хитроуго жакын жерде дрон учурулганы байкалганы боюнча каттамдар 1,5 саатка токтотулду.

Жылда орто эсеп менен 70 миллион жүргүнчүнү тейлеген Хитроу аэропортунун башкаруучулугу, өткөн айда Гатвик аэропортунда болгон дрон кризисинен кийин мындай түрдөгү окуяларга бөгөт болуш үчүн система кура турганын жарыялаган болчу.

Өткөн айдын аягында да Англиянын эң чоң экинчи аэропорту Гатвикте дрон чалгындоолорунун себебинен 2 күн бою миңге жакын каттам токтотулган болчу.

Окуядан 100 миңден ашуун жүргүнчү терс таасир алса, дрондорду учурганы шеги менен кармалган 2 кишинин кийинчерээк күнөөсүз экени белгилүү болду.

Окуядан кийин Гатвик аэропортуна орто эсеп менен 5 миллиард стерлиндик инвестиция салынып дрон иликтөөчү жана аныктоочу система жайгаштырылган.

Аэропорттордун 1 км жакын жерине чейин дрон учурулуусуна тыюу салынган Англияда, учуу коопсуздугун коркунучка салгандар 5 жылга чейин абак жазасына тартылат.



Тектеш кабарлар