Трамптын Сириядан чыгуу чечимине ар түрдүү сереп салынууда

Донльд Трамп, социалдык медиа барагы Твиттерден «The New York Times» гезитинде чыккан жана Сириядан чыгуу планында карама-каршылыктар болгону айтылган макалага каршылык көрсөттү.

1121145
Трамптын Сириядан чыгуу чечимине ар түрдүү сереп салынууда

АКШнын президенти Дональд Трамп, Сириядагы АКШнын аскердик бөлүктөрүнүн бир жагынан ал жактан чыга турганын, экинчи жагынан террор уюму ДЕАШ менен согушуусун уланта турганын айтты.

Донльд Трамп, социалдык медиа барагы Твиттерден «The New York Times» гезитинде чыккан жана Сириядан чыгуу планында карама-каршылыктар болгону айтылган макалага каршылык көрсөттү.

АКШнын президенти Дональд Трамп: “Ийгиликсиз Нью-Йорк Таймс, Сирия тууралуу ниеттеримди билип туруп жаңылыш макала жазды. (Чыгуу процесси) мындан мурда жарыялаганымдан башкача эмес. ДЕАШ менен согушууну улантып жатканда ылайыктуу ылдамдык менен чыгууну, этият түрдө керектүү иштерди жасоону улантабыз»,-деп айтты.

Нью-Йорк Таймс макаласында, Трамптын улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтондун мурдагы күнү Израилде, жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККга шилтеме кылып АКШнын Сириядан чыгуусунун Түркиянын «күрт согушкерлердин» кепилдигин беришине жана ДЕАШтын жеңилүүсү шартына байланыштуу болгонун айтканына кайрылып Сириядан чыгуунун «айлар, ал эмес жылдарды» ала турганын белгилеген.

Макалада, айрыкча Сириядан чыгуу чечими Трамп жана өз башкаруучуларынын арасында олуттуу баш аламандыкка түрткөнүн, АКШнын Коргонуу министрлиги (Пентагон) болсо бул чечимге абдан тынчсызданганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар