Ооганстанда 12 киши качырылып кетти

Фарах облустук кеңешинин башчысынын орун басары Шах Махмуд Наими, журналисттерге маалымат берди.

1120040
Ооганстанда 12 киши качырылып кетти

Ооганстандын батыш жагындагы Фарах провинциясында 12 киши качырылып кетти.

Фарах облустук кеңешинин башчысынын орун басары Шах Махмуд Наими, журналисттерге берген маалыматында жарандарды ташыган унаанын Фарахтын Дерабад аймагында Талибан террористтери тарабынан токтотулганын жана унаадагы бир мамлекеттик кызматкерди өлтүргөнүн айтты.

Террористтердин унаада орун алган 12 кишини качырып кеткенин айткан Наими, уурдалгандардын мамлекеттик кызматкерлер жана жарандар экенин белгилеп кетти.

Наими уурдалгандардын эркин кое берилиши үчүн азырынча иш-аракет баштала электигин жарыялады.


Этикеткалар: #Ооганстан

Тектеш кабарлар