БУУ Жемал Кашыкчы кылмышы тууралуу чакыруусун кайталады

Кашыкчы доосунда беш кишиге өлүм жазасы берилген он бир кишинин соту кечээ Сауд Арабияда башталды.

1119331
БУУ  Жемал Кашыкчы кылмышы тууралуу чакыруусун кайталады

БУУ саудиялык журналист Жемал Кашыкчы кылмышы тууралуу «кенен, ачык жана так тергөө» чакыруусун кайталады.

БУУнун башкы катчысынын өкүлү Фархан Хак күнүмдүк пресс  брифингинде Кашыкчы кылмышы тууралуу суроолорго жооп берди. Хак Анадолу агенттигинин БУУнун киши колдуу болгон Кашыкчы доосунун сотун иликтеп же иликтебей тургандыгына карата берилген суроого : «Кенен, ачык жана так тергөө чакыруубузду кайталайбыз. Акыркы абалдарды иликтеп жатабыз жана чакыруубуз өзгөргөн жок»,- деди.

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы 2 -  октябрда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда киши колдуу болгон.

Сауд Арабиянын мураскер принци Мухаммед бин Селман кылмыштан кийин сынга алынган.

Кашыкчы доосунда беш кишиге өлүм жазасы берилген он бир кишинин соту кечээ Сауд Арабияда башталды.



Тектеш кабарлар