Түндүк кореялык бир дипломаттан ноябрь айынан бери кабар алына албай жатат

Түндүк Кореядан бул тууралуу азырынча билдирүү бериле элек.

1118699
Түндүк кореялык бир дипломаттан ноябрь айынан бери кабар алына албай жатат

 

Түштүк Корея чалгындоо агенттиги Италияда кызмат кылган жогорку мартабалуу бир түндүк кореялык дипломаттан ноябрь айынын башында элчилик имаратынан чыккандан бери кабар алына албагандыгын билдирди.

«Йонхап» агенттинин кабарында Түштүк Корея улуттук чалгындоо кызматынын депутаттарга, Түндүк Кореянын Рим кеңешчиси Жо Сонг-Гилдин ноябрь айынын акырында кызмат мөөнөтү акырына чыгышына аз күн калганда Түндүк Корея элчилигинен чыккандыгы жана ал күндөн бери жубайы экөөсүнүн кайда экендиги билинбегендиги ортого салынды.

NIS тарабынан берилген маалыматтан кийин сөз сүйлөгөн Түштүк Корея депутаты Ким Мин  -  Ки NIS жетекчилеринин дайынсыз жоголгон Жонун үчүнчү бир өлкөгө баш калкалоо үчүн кайрылып же кайрылбагандыгы же дипломат жана жубайынын кайсы өлкөнүн коргоосу астында экендигине байланыштуу берилген суроолор боюнча «аныктай алышпай тургандарын» айткандыгын билдирди.

Бир тараптан «JoongAng Ilbo» гезити 48 жаштагы элчинин декабрь айынын башында Италия өкмөтүнөн коргоо талап кылгандыгын ортого салды.

Түндүк Кореядан бул тууралуу азырынча билдирүү бериле элек.



Тектеш кабарлар