Орусиядагы жаратылыш газ жарылуусунда 37 кишинин сөөгү чыгарылды

Жарылууда 100дөн ашуун киши жашаган 48 квартира зыян тартты.

1118560
Орусиядагы жаратылыш газ жарылуусунда 37 кишинин сөөгү чыгарылды

Орусиянын Челябинск аймагындагы Магнитогорс шаарында жаратылыш газ жарылуусунан улам кулаган имараттын урандыларынан чыгарылган сөөк саны 37ге жетти.

Магнитогорсктогу 10 кабаттуу имаратта 31 -  декабрда болгон жарылууда кулаган блоктун урандыларында изилдөө – куткаруу иштери улантылууда.

Чукул абалдар министрлигинен берилген маалыматка караганда  уранды астынан 37 кишинин сөөгү чыгарылды. Жарылууда 100дөн ашуун киши жашаган 48 квартира зыян тартты. Кулаган имараттын урандыларынан бир бөбөк жарылуудан 35 сааттан кийин тирүү куткарылган.



Тектеш кабарлар