Кашыкчы кылмышы боюнча 11 шектүүнүн бешөө туурасында өлүм жазасы талап кылынды

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттигинде(SPA)орун алган Сауд Арабиянын башкы прокурорунун жарыясына караганда, Кашыкчы кылмышы боюнча иш козголгон 11 шектүү, бүгүн Эл Риядда адвокаттары менен бирге судьянын алдында суракка тартылды.

1118696
Кашыкчы кылмышы боюнча 11 шектүүнүн бешөө туурасында өлүм жазасы талап кылынды

Сауд Арабияда каралган журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) кылмышы тууралуу доонун алгачкы сотунда, 11 шектүүнүн бешөө туурасында өлүм жазасы талап кылынды.

Сауд Арабиянын расмий маалымат агенттигинде(SPA)орун алган Сауд Арабиянын башкы прокурорунун жарыясына караганда, Кашыкчы кылмышы боюнча иш козголгон 11 шектүү, бүгүн Эл Риядда адвокаттары менен бирге судьянын алдында суракка тартылды.

Жарыяда, шектүүлөрдүн айыптоо тыянагын уккандан кийин сот комиссиясынан айыптоо тыянагын талап кылганы жана өзүн коргоо үчүн мөөнөт талап кылгандары белгиленди.

Анда, соттун керектүү териштирүүнү улантышы үчүн сот жараянын кийинки бир күнгө жылдырганы маалымдалды.

Башкы прокурорлуктун жарыясында беш шектүү үчүн талап кылынган өлүм жазасы менен катар соттон 11 шектүү туурасында «Шариат мыйзамдарынын талабынын ишке ашырылышын талап кылганынын» маалыматы орун алды.

Жарыяда айрыкча, Прокурлуктун Түркиядагы башкы прокурорлукка «доого байланыштуу Түркиянын колундагы бардык далилдердин өздөрүнө жеткирлиши үчүн мындан мурда эки башка талапты жазуу түрүнрдө жибергени» белгиленди.

Сауд Арабиянын Прокурорлугу, Кашыкчы кылмышы тууралуу 15-ноябрдагы жарыясында 21 шектүүдөн 11нин кылмыштуу деп табылып жана бешөөнө өлүм жазасы берилиши талабы менен сотко өткөргөн.

Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы (Хашогги) 2-октябрда баш кошуу үчүн керектүү документтерди алуу үчүн барган Сауд Арабиянын Стамбулдагы Башкы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.



Тектеш кабарлар