Өзбекстандын мурунку тышкы иштер министри Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы болду

2001 -  жылы Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан курулган уюмга өткөн жылы Пакистан менен Индия мүчө болгон.

1117530
Өзбекстандын мурунку тышкы иштер министри Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы болду

Шанхай Кызматташтык Уюмунун жаңы башкы катчысы Өзбекстандын мурунку тышкы иштер министри Владимир Наров болду.

Өзбекстан тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин андан мурда чыгарылган чечими боюнча Өзбекстан президенттигине караштуу Стратегиялык жана аймактар аралык изилдөө институтунун директору элчи Владимир Наров 1  - январдан баштап Шанхай Кызматташтык Уюмунда башкы катчылык кызматын баштады.

Уюмдун 2017 – 2018 -  жылдарда башкы катчылыгын аткарган Рашид Алимовдун ордуна келген Наров 2019 – 2020 – жылдары бул кызматты аткарат. Наров 2006 – 2010 – жылдары Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги кызматын аткарып, андан мурда да түрдүү өлкөлөрдө элчилик милдетин аткарган.

2001 -  жылы Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан курулган уюмга өткөн жылы Пакистан менен Индия мүчө болгон.

Афганстан, Белорус, Иран жана Монголия байкоочу мүчө болгон уюмда Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Шри  - Ланка жана Түркия болсо диалог өнөктөшү статусуна ээ.



Тектеш кабарлар