Израилдеги тайланддык жумушчулар өлүм менен бетме - бет

Израилге иштөө үчүн барган тайланддык 25 миңге жакын жумушчудан эң аз  172синин ыңгайсыз шарттардан улам каза болгондугу ортого чыкты.

1115309
Израилдеги тайланддык жумушчулар өлүм менен бетме - бет

Израилге иштөө үчүн барган тайланддык 25 миңге жакын жумушчудан эң аз  172синин ыңгайсыз шарттардан улам каза болгондугу ортого чыкты.

ББСинин кабарында 2012 -  жылы эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн иш келишими менен Израилге барган тайланддык айыл  - чарба жумушчусунун айлык акынын төмөн болушу менен бирге абдан начар шарттарда иштегендиги белгиленди.

Кабарда айыл  - чарбада колдонулган дарылардын Израилдеги чарбаларда иштеген тайланддык айыл  - чарба жумушчуларынын ден соолугунда чоң маселелерди жараткандыгы, жумушчулар өлүм менен бетме  - бет экендиги жана ушул күнгө чейин 172 жумушчунун каза болгондугу белгиленди.

Израиль басма сөзүндө орун алган кабарларда болсо тышкы иштер министрлигинин финансы министрлигине эки өлкөнүн карым  - катнаштарына зыянын тийгизбеши үчүн тайланддык жумушчулардын финансылык укуктарына ээ болуу максатында өткөн жумада өкмөттөр арасында кол коюлган келишимди эртерээк ишке ашыруу тууралуу эскертүүдө болгондугу билдирилди.

Кабарда Израиль ички иштери менен эмгек министрликтеринин да келишимди кабыл алгандыгы белгиленип, келишимдин ишке ашырылышынын кечеңдетилиши мене тышкы иштер министрлиги тарабынан финансы министри Моше Кахлонго эскертүү берген.

Тышкы иштер министрлигинин кабарында келишимдин ишке ашпашынын Израиль менен Тайланддын ортосундагы дипломатиялык карым  - катнаштарды коркунучка салгандыгы билдирилип,  израилдик чоң айыл  - чарба ээлеринин келишимге каршы чыгышкандары жана финансы министрлигине кысым жасашкандары ортого салынды.

Израил миграция башкармалыгынын берген маалыматына караганда айыл  - чарба тармагында иштөө үчүн барган тайланддык жумушчулардын саны 2017 -  жылдын акырында 23 миңден ашкан.



Тектеш кабарлар