Орусия Украинага карай санкцияларын кеңейтти
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Украинага карай санкцияларды кеңейтүүчү токтомго кол койду.
Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев, Украинага карай санкцияларды кеңейтүүчү токтомго кол койду.
Орусия өкмөтүнүн басма сөз кызматынын жарыясында Украинага карай экономикалык чектөөлөргө 200 киши жана фирманы кошкон токтомдун премьер-министри Дмитрий Медведев кол коюусу менен күчүнө киргенин билдирди.
Медведев да социалдык медиа барагы Твиттерден бөлүшүүсүндө, «Бул токтом, Орусия мамлекетинин атуулдарынын жана фирмаларынын укуктарын коргош үчүн чыгарылды»,-деп жазды.
Орусия 2018-жылы 1-ноябрда күчүнө киргизген токтоту менен 322 Укариана атуулуна жана украиналык 68 фирмага карай экономикалык чектөө киргизген болчу.
Тектеш кабарлар
Рафахта 600 миң киши жер которду
1,5 миллионго жакын палестиналык баш калкалаган Рафах шаарындагы абал тууралуу маалымат берилди.