Ооганстанда Талибанга операция жүргүзүлдү

Кагылышууда 10 террорист жок кылынды, 5 террорист тирүүлөй колго түшүрүлдү.

1112526
Ооганстанда Талибанга операция жүргүзүлдү

Ооганстандын Кандахар облусунда коопсуздук күчтөрүнүн террордук уюм Талибанга каршы жүргүзгөн операцияда террордук уюмга мүчө 10 террорист набыт болуп колго түштү.

Кытайдын маалымат агенттиги  Синхуада орун алган кабарга караганда ооган армиясы жана коопсуздук күчтөрүнүн аймакта жүргүзгөн издөө жана курчоого алуу операциясында уюмдун мүчөлөрү менен кагылышуу болду.

Кагылышууда 10 террорист жок кылынды, 5 террорист тирүүлөй колго түшүрүлдү.

Бир тараптан ок атышууларда 2өө аялдан турган 3 жаран дагы жаракат алды.

Жооптуу кызматтагылар жарандардын жаракат алуусунун жооптуусу катары жарандарды калкан катары колдонгондугу менен күнөөлөдү.

Уюм окуя тууралуу маалымат берген жок.

Жооптуу кызматтагылар бир убактарда Талибандын чеби абалындагы Кандахарда жүргүзүлгөн операциялардын уюмга чоң сокку урганынын маалыматын берди.



Тектеш кабарлар