АКШнын аскерлери Сириядан чыгабы?

Американын WSJ  гезитинин бул темага байланыштуу кишилерге таянып берген кабарына караганда АКШ армиясы Сириянын түндүгүнөн толугу менен чыгууга даярданууда.

1110168
АКШнын аскерлери Сириядан чыгабы?

АКШнын Сириянын түндүгүндөгү аскердик күчтөрүнүн бардыгын чыгарып кетүүгө даярданып жатканы маалымдалды.

Американын WSJ  гезитинин бул темага байланыштуу кишилерге таянып берген кабарына караганда АКШ армиясы Сириянын түндүгүнөн толугу менен чыгууга даярданууда.

Кабарда, бул кишинин АКШнын Жакынкы Чыгыш стратегиясын баш аламандыкка түртө турганы жана ДЕАШ менен күрөшүүсү тууралуу шек саноо жарата турганы серебин салды.

АКШнын президенти Дональ Трамп, бу тема тууралуу Твиттер барагынан берген маалыматында, «Сирияда ДЕАШты жеңилүүгө учураттык, президенттигим убагында ал жерде болуш үчүн жалгыз себебим ушул болчу»,-деп айтты.

Трамп өткөн күндөрдө берген маалыматында, «ДЕАШка каршы абдан чоң иш кылдык. Дүйнөнүн ал аймагында саны абдан азайды жана алдыбыздагы 30 күндүн ичинде ДЕАШка мүчө эч ким калбайт»,-деп айткан болчу.

АКШнын Коргоо министрлиги Пентагон дагы Трамп тарабынан чыгып кетүү буйругу өздөрүнө берилгенин жарыялады.

АКШ учурда Сириянын түндүгүндө, жикчил террордук уюму ЙПГ/ПККнын басып алуусу астындагы аянтта 15 аскердик базага эгедер. Дейризор жана Хасекеде үч базанын курулушу болсо уланууда.

WSJнын  кабарына караганда бул кадамдын президент Режеп Таййип Эрдогандын АКШнын президент Дональд Трамп менен өткөн аптада болгон телефондогу сүйлөшүүсүндө, АКШнын өнөктөшү ЙПГ/ПККны операция менен коркутканы боюнча келгенинин серебин салды.



Тектеш кабарлар