Коалиция Дейризорда оорукананы аткылады

АКШнын жол башчылыгындагы коалиция октябрь айында да Дейризор облусунда бир топ мечитти бутага алган. Кол салууларда ондогон жаран да каза болгон.

1104730
Коалиция Дейризорда оорукананы аткылады

АКШнын жол башчылыгындагы ДЕАШка каршы коалиция Сириянын Дейризор облусуна караштуу Хежжин районунда бир оорукананы атышкандарын билдирди. Коалициядан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ДЕАШ күчтөрүнүн 9 -  декабрда кол салуу үчүн Хежжин ооруканасын колдонгондугу белгиленди. Күнүмдүк басма сөз жыйынында сөз сүйлөгөн АКШнын коргоо министрлиги Пентагондун катчысы полковник Роб Мэннинг : «Ооруканалардын колдонулушу кабыл алынгыс жана бул ДЕАШ тарабынан колдонулган стандарт бир тактика»,- деди. Мэннинг ооруканадагы жарандык жоготуулар тууралуу маалымат берген жок.

АКШнын жол башчылыгындагы коалиция октябрь айында да Дейризор облусунда бир топ мечитти бутага алган. Кол салууларда ондогон жаран да каза болгон.

Жергиликтүү булактар коалициянын 22 октябрда Хежжин районунда аткан Зевийе мечитинде 7 жарандын каза болгондугун белгилешти. Полковник Мэннинг мечиттин бутага алынгандыгын билдирген бирок канча жарандын каза болгондугуна байланыштуу эч бир маалымат берген эмес. Булактар коалиция күчтөрүнүн өзгөчө Хежжинде 21 -  октябрда да бир Кураан курсуна абадан кол салгандыгын, бул жерде да 6 жарандын каза болгондугун белгилеген. Коалиция учактары 19 -  октябрда болсо жума намазы учурунда Осман бин Аффан мечитине кол салып, 16 жаран каза болгон.

Ошол эле аймакта мурунку күнү да Аммар Бин Ясер мечитине жасалган кол салууда да 30 жаран каза болуп, алардын ичинен экөөсү бала болгон.

Бир тараптан АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнүн өткөн жумада Хежжин районунда жасаган абадан жана кургактыктан кол салуусунда 25 жарандын каза болгондугу билдирилген болчу.



Тектеш кабарлар