Конго демократиялык республикасында эболадан 220 киши каза тапты

Вирус жуккан 144 киши айыкты.

1101646
Конго демократиялык республикасында эболадан 220 киши каза тапты

Конго демократиялык республикасынын чыгышында июль айынын акырында башталган эбола эпидемиясында акыркы бир күндө 8 кишинин дагы каза болушу менен каза болгондордун саны 220га жетти.

Конго демократиялык республиксынын саламаттык сактоо министрлигинин Бени аймагында башталып Итури аймагына жайылган эбола эпидемиясы тууралуу акыркы маалыматтарга караганда эпидемиянын башталышынан бери 453 оорулуу такталды.

Бул кишилерден 405де эбола вирусунун бар экендиги аныкталды. Ушул кезге чейин 220 киши каза болгон эпидемияда вирус жуккан 144 киши айыкты.

Аймакта 8 -  августта башталган кампаниянын негизинде ушул күнгө чейин 39 миң 845 кишиге эмдөө берилди.

Конго демократиялык республикасында биринчи жолу 1976 -  жылы ортого чыккан эбола 2013 -  жылы декабрь айында Батыш Африкада жайылган.

Гине, Либерия жана Сиерра Леонеде 2014 – 2017 -  жылдары чыккан эпидемияда 30 миңге жакын кишиге эбола вирусу жугуп жана 11 миңден ашуун киши каза болгон.



Тектеш кабарлар