НАСАнын сейсмологиялык изилдөө унаасы марска конду

АКШнын улуттук авиация жана космостук башкаруусу НАСАга таандык "InSight" аттуу космостук унаа марска конду.

1095931
НАСАнын сейсмологиялык изилдөө унаасы марска конду

АКШнын улуттук авиация жана космостук башкаруусу НАСАга таандык "InSight" аттуу космостук унаа марска конду.

НАСАдан берилген маалыматка караганда марста сейсмологиялык изилдөө жүргүзө турган жана кызыл планетанын жер астындагы катмарларына байланыштуу маалымат чогулта турган космостук унаанын 6 айлык жолчулуктан кийин 480 миллион километрден ашуун аралыкты басып өтүп, ишенимдүү түрдө марска конгондугу белгиленди.

Маалыматта "InSight" космостук унаасынын марстын атмосферасында  6 минута 45 секундалык жолдон кийин планетага конгондугу билдирилди.

Атмосферага кириши менен ылдамдыгы барган сайын арткан унаанын парашюттарын ачып кызыл планетага урунуу таасирин азайткандыгы белгиленген маалыматта унаанын марстын түндүк жарым шарында бир платого конгондугу белгиленди. Унаанын биринчи 6 жумада кандайдыр бир изилдөө жүргүзбөй тургандыгы белгиленген маалыматта илимпоздордун бул убакыттын ичинде "InSightтын» жалпы абалын иликтей тургандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар