Аскердик абал Украинанын түштүк - чыгышында араздашууларды күчтөнтүшү мүмкүн

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аскердик абалды жарыялоо Украинанын ички ишетери экендигин айтты.

1095992
Аскердик абал Украинанын түштүк - чыгышында араздашууларды күчтөнтүшү мүмкүн

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украинада жарыяланган аскердик абалдын өлкөнүн түштүк  - чыгышындагы кагылышуу аймагында араздашууларды арттырышы мүмкүн экендигин ортого салды. Песков Керч кысыгында Орусия менен Украинанын ортосунда болгон араздашуудан кийин Украинада жарыяланган аскердик абал тууралуу баа берди. Аскердик абал чечиминин Украинанын ички иштери экендигин белгилеген Песков : «Кээ бир аймактарда аскердик абал мыйзамынын ишке ашышы, кагылышуу аймагында араздашуунун артышы үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн. Айтайын дегеним Украинанын түштүк - чыгышы»,- деди.

Украина Кара деңизде Керч кысыгынын жакындарында Орусиянын аскердик кемелеринин Укрананын аскердик кемелерине ок атышы менен кечээ кечинде аскердик абал жарыялады.

 



Тектеш кабарлар