Борбордук Америкадан келе жаткан көчмөндөр АКШга киргизилбейт

Трам, Борбордук Азиядан жол тартып олтуруп АКШнын түштүк чек арасына жеткен көчмөндөр тууралуу социалдык медиа барагынан жазуу түрүндө маалымат таратты.

1094404
Борбордук Америкадан келе жаткан көчмөндөр АКШга киргизилбейт

АКШнын президенти Дональд Трамп, Борбордук Америкадан АКШга жетиш үчүн жол тарткан 7 миң кишилик көчмөн конвоюнан эч кимдин соттун бекитүүсү болбостон АКШга киргизилбей турганын айтты.

Трам, Борбордук Америкадан жол тартып олтуруп АКШнын түштүк чек арасына жеткен көчмөндөр тууралуу социалдык медиа барагынан жазуу түрүндө маалымат таратты.

Соттун бекитүүсү болмоюнча эч бир көчмөндүн өлкөгө киргизилбей турганына басым жасаган Трамп: «Өлкөбүзгө бир гана мыйзамдуу жол менен келгендерге уруксат беребиз. Мындан тышкары абдан күчтүү саясатыбыз «карма жана кама» түрүндө болот»,-деп айтты.

Трамп, көчмөндөрдүн Мексикада кала тургандарын белгилеп керек болсо түштүк чек арасынын толугу менен жабыла турганын белгиледи.

Дональд Трамп: «АКШнын ондогон жылга созулган опузалоодон кийин эми бул кымбат жана коркунучтуу абалга жол берүүсүнүн жолу жок!»,-деп айтты.

Вашингтон пост гезитинде бүгүн орун алган маалыматта, Трамп бийлигинин Мексикада кызматка келе турган жаңы өкмөт менен макулдашып АКШга көчүүгө аракет кылган көчмөндөрдүн АКШнын чек ара коопсуздук кызматкерлери тарабынан мыйзамдуу процедуралары жасалганга дейре Мексикада күтө тургандарын жазып чыкты.

Бул тема тууралуу маалымат берген Мексика өкмөтүнүн тышкы иштер министрлигине талапкери Ольга Санчез, бул айтымды четке кагып кандайдыр бир келишим түзүлбөгөнүн белгилеп өттү.


Этикеткалар: #Трамп , #Мексика , #АКШ

Тектеш кабарлар