АКШ Сенаты Сауд Арабияга санкция киргизүү же киргизбөө чечимин чыгарууга камданууда
Бул айтымдар Американын The Hill маалымат барагында орун алды.
АКШ Сенатынын Сауд Арабияга санкция киргизилип же киргизилбөөсү темасында президент Дональд Трамп бийлигинин жогорку жетекчилеринен бирифинг ала турганынын айтымдары тарады.
Бул айтымдар Американын The Hill маалымат барагында орун алды.
Бул баракта орун алган маалыматка караганда Сенат, Трамп бийлигинен ала турган маалыматтарга жараша Сауд Арабияга карай санкцияларды өткөрүүгө жана курал сатууларын токтотууга баа берет.
Күн тартипте Кашыкчы кылмышы менен катар Сауд армиясы жол башчылык кылган Йемендеги согуш да орун алат.
Сөз болгон брифингдин алдыдагы аптада бериле турганы маалымдалды.
The Hill барагына караганда бирифингди коргоо министри Жим Маттис жана мамлекеттик катчысы Майк Помпео берет.
Бирок бул департаменттерден азырынча маалымат бериле элек.
Саудиялык журналист Жемал Кашыкчы, үй-бүлө куруу боюнча каттоолордон өтүү үчүн 2-октябрда барган өлкөсүнүн Стамбулдагы Башкы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.