11 - Астана жыйыны 28 - 29 - ноябрда өткөрүлөт

Сирияда ок атышпоолордун түзүлүшү үчүн өткөрүлгөн Астана жыйындарынын биринчиси 2017 -  жылдын январь айында өткөрүлгөн.

1090684
11 -  Астана жыйыны 28 - 29 -  ноябрда өткөрүлөт

Сирия тууралуу 11 – Астана жыйыны 28 – 29 -  ноябрь күндөрү өткөрүлөт.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов журналисттерге берген маалыматында кепил өлкөлөр Түркия, Орусия жана Ирандын Сирия тууралуу 11 -  Астана жыйынын 28 – 29 -  ноябрь күндөрү өткөрүү боюнча келишкендерин белгиледи.

Жыйындын салттык түрдө кепил өлкөлөр Башар Асад режими жана аскердик оппозициянын катышуусу менен ишке ашышынын пландалгандыгын белгилеген Абдрахманов сүйлөшүүлөргө байкоочу катары БУУ жана Иордания өкүлдөрүнүн катышарын айтты.

Сирияда ок атышпоолордун түзүлүшү үчүн өткөрүлгөн Астана жыйындарынын биринчиси 2017 -  жылдын январь айында өткөрүлгөн.

Ок атышпоонун кепил өлкөлөрү Түркия, Орусия жана Иран режим жана аскердик оппозициясы делегациялары менен тогуз жолу Астанада жолугушкан. Жыйындын акыркысы Орусиянын Сочи шаарында өткөрүлгөн.

Астана жыйындары Сирия кризисине саясий чечүүчү жол табуу үчүн БУУнун байкоосу астында жүргүзүлгөн процесске оң салым кошту.

Форматтын негизинде кепил өлкөлөр кагылышуулар эң катуу болгон аянттарды «Араздашууларды азайтуу аймагы» деп жарыялады. Кагылышкан тараптар камоого алган кишилердин эркин кое берилиши тууралуу техникалык группа түздү.

Астана жыйындары Сочиде январь айында Улуттук диалог конгрессинин өткөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт, Конституция Комитетинин курулушу үчүн иштердин баштатылышына да мүмкүнчүлүк берди.



Тектеш кабарлар