АКШда ФЕТӨгө жакындыгы болгон Стокман 10 жылдык абак жазасына тартылды

Эл өүклдөр Палатасынын Техастан мурдагы мүчөсү Стив Стокманды коррупция, жасакерлик жана салык төлөөдөн качуу да арасында болгон 23 кылмыш боюнча 10 жылдык абак жазасына тартты.

1088792
АКШда ФЕТӨгө жакындыгы болгон Стокман 10 жылдык абак жазасына тартылды

АКШда Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ) менен жакын байланышы болгон Эл өүклдөр Палатасынын Техастан мурдагы мүчөсү Стив Стокманды коррупция, жасакерлик жана салык төлөөдөн качуу да арасында болгон 23 кылмыш боюнча 10 жылдык абак жазасына тартты.

Техас Хюстон сотунда каралган иште Стокман, кеңири масштабдуу  жемкорлук ,алдамчылык күнөөсү, жана шайлоо учурунда топтогон кайрымдуулук акчаларын өз куржунуна салуу менен үгүт убагындагы карыздарын жабууга пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Апрель айында 24 айып тагылып , мындан тышкары Стокмандын 2 жардамчысы Жейсон Посей жана Томас Додд да бул кылмыштарга катышкандарын мойнуна алды.

АКШнын Адилет  министрлиги тарабынан бул ишке тиешелүү  билдирилген маалыматка ылайык Стокмандын почта алдамчылыгы, Федералдык шайлоо комиссиясына жаңылыш маалымат берүүсү ,арам акча алуу, шайлоого бөлүнгөн атайын акчаларды пайдалануу , жаңылыш салык көрсөткүчтөрүн берүү жана жалган тастыктамалар менен кайрымдуулук уюмдарынан акча топтоп бир катар кунөө менен өкүм алгандыгы белгилуу болду.

Маалыматка караганда, Стокмандын  өзүнө атаандаш болгон саясатчылардын аркасынан контролго алынганы  жана жок кылууга аракети көзөмөлгө алынды.

Мындан тышкары  Адилет министрлигинин башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Брайн Бенчовски  да Стокмандын жардам уюмдарынан жуздөгөн доллар акча алгандыгын жана аларды саясий кызыкчылыгы учун колдонгондугун  тастыктаганда Стокмандын 10 жыл абак жазасын алгандыгы   жана  1 миллион долларды  төлөп беруу чечими чыккандыгы билдирилди.

Муну менен катар  Эл өкүлдөр палатасынын Техастан мүчөсү Стокмандын таасири болгон ФЕТӨ түзүмү менен биргелешип иштегендиги убакытта жакындык бар экендиги билдирди.

ФЕТӨнүн өзгөчө Техас штатындагы бир катар уюштуруу иштерине катышып, бул жерлерде сөз сүйлөгөн Стокман, кайра эле ошол ФЕТӨ менен байланышы болгон Евразия-Америкалыктар Туркуаз кеңешинин мурдагы жетекчиси Кемал (Кевин) Өксүз  менен да жакындыгы бар экендиги белгилуу болду.

Стокман, Өксүздүн ортомчулугу менен ФЕТӨнүн 2013-жылда каржылаган Азербайжан сапарына катышкан адамдардын тизмесинин  арасынан орун алган.

Бул жылдын башында Өксүз  жөнүндө материалдык көрсөткүчтөрдү жок кылып жана жаап жашыруу, Конгреске жалган айтуу менен кошо 5  айыптоонун себебинен АКШнын Адилет министрлиги тарабынан камака алуу буйругу чыгарылган. Өксүз кийинчерээк Арменияда кармалды.

АКШнын кайра кайтаруу талабына оң жооп берген тийишүү органдарынын кыска мөөнөттүн ичинде Өксүздү кайрадан кайтарып берүүсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар