Эл аралык Ливия конференциясы аяктады

«Чечүүчү жол тыштан талап кылына албайт»

1087496
Эл аралык Ливия конференциясы аяктады

Италиянын премьер  - министри Жузеппе Конте Ливияда улантылып жаткан саясий кризиске байланыштуу : «Чечүүчү жол тыштан талап кылына албайт»,- деди.

Конте жана БУУнун Ливия атайын өкүлү Гассан Саламе Италиянын Палермо шаарында эки күнгө созулган Эл аралык Ливия конференциясынан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрдү. Конференция башталгандан мурда Ливиядагы тараптардын катышуусуна атайын маани беришкендерин белгилеген Конте : «Ливияда алты миллион киши шайлоону жактап жатат жана мунун ишке ашышы үчүн дагы көп күтүшүбүз керек. Ливия менен экономикалык жана маданий байланыштарыбыз бар. Ушул себептен өзүбүздү жооптуу деп ойлойбуз. Өзүбүздү алдабашыбыз керек бирок Ливияда тынчтык тууралуу маанилүү бир баскычка өтүлдү муну айтуубуз керек»,- деди.

«Ливияда чечүүчү жол тыштан талап кылына албайт»,- деген Конте Италиянын жана эл аралык коомчулуктун бул өлкөдө иреттүү армиянын курулушуна колдоо берүү керектигин айтты.

Конте жана БУУнун Ливия атайын өкүлү Гассан Селаме да конференциянын ийгиликтүү болгондугун белгилеп, : «Ливия калкына тынчтык, коопсуздук жана бейкуттук алып келүү үчүн маанилүү бир кадам болду. Ливия калкы азыркы учурда жашап жатканынан дагы жакшы турмушка ылайык»,- деди.

Конференцияга катышкан ливиялык тараптардын ырааттуулугу үчүн «абдан маанилүү убада» бергендигин айткан Селаме : «Январь айында Ливияда өткөрүлө турган улуттук конференция да Палермо саясында оңойлошту»,- деди.



Тектеш кабарлар